Сыймык Орунбаев все тексты (слова) песен, переводы, видео, клипы
БалалыкӨмүр чиркин суудай агылып,
Балалыгым кетти агызып.
Узадыбы менден билинбей,
Же кеттиңби мага таарынып.
Кайырма:
Айланайын алтын балалык,
Сенде кетти аруу тазалык.
Санат ырыТумчугамын, түбү жок санааларга батамын,
Бийиктерге жетелейт ак батасы атамдын,
Издеп жүргөн бейишим таманында апанын.
Азаматты эр кылган бата болот турбайбы,
Жашоодогу дөөлөтүң ата болот турбайбы,
Жаман жүрсөң ичинен капа болот турбайбы.
Түгөнбөгөн берекең апа болот турбайбы,
Үйүңдөгү базарың бала болот турбайбы.