Эсиме алсам мен сени, Жаш келет го көзүмө. Сулуу дешти эл сени, Сырдашкан бир күндөрдө.
Ошол жыргал кезде мен, Өзүң менен тааныштым. Эгер болсо чын сүйүү, Неге менден алыссың?
Кайырма: Сагынычтан кол булгап, Махабатым алсырайт. Коштоштуруп сен менен, Эт жүрөгүм кансырайт. Махабат деген ушундай, Капа болбо, досум ай. Экөөбүзгө арналган, Тагдыр иши ушундай.